Ийгиликтүү ишкер, "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Нургазиев маектешүү учурунда курулуш жана туризм тармагы, ошондой эле алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди.
- Мен Жайыл районунан болом, бирок балалыгым жана жаштыгым Ош шаарында өттү. Азыр мен 43 жаштамын, курулуш тармагында ишкердик менен алектенип келем. Менин чоң үй-бүлөм бар – беш кыз, бир уулдун атасымын.
- Мен, башкалар сыяктуу эле, 90-жылдары базарда сатуучулук менен иш баштадым. Андан кийин эки кафе жана унаа жуучу жай курдум. Бирок мен курулуш менен алектенүүнү көптөн бери кыялданып жүргөм. Азыр менин шаарда эки долбоорум бар. Мындан сырткары Кыргызстандагы уникалдуу долбоорлордун бири – Ысык-Көлдөгү ири коттедж шаарчасын куруп жатам.
- Эң негизгиси туруктуулук жана адамдардын ишенимин жоготпоо керек. Анткени курулуш бизнеси негизинен ишенимдин негизинде түзүлөт.
Сизге ишеним артканда, бардык идеяларыңыз иштейт. Кошумча жардам сиз менен байланышкан адамдар аркылуу келет, айткан сөздөрүңүз иш жүзүндө аткарылып баштайт жана ушунун бардыгы чоң ийгиликтерди жаратат.
- Албетте, биз башка өлкөлөрдөн кыйла артта калдык. Бизде салыктар, виза тартиби, эски аэропорттор боюнча көйгөйлөр бар. Ошондуктан, бизге жакшы шарттар керек. Кантсе да, конок өзүн үйдөгүдөй сезиши керек. Ошондо өлкөбүзгө келген туристтердин саны көбөйөт.
- Эгерде биз парламентке барсак, анда биринчи кезекте туризм тармагына инвестиция салгысы келген мекендештерге негиз берүү үчүн текшерүүлөрдү жана салыктарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлорун сунуш кылышыбыз керек. Жөнөкөй ишкер, ал тургай чакан туристтик комплекс ачуу үчүн, чоң бюрократиялык тартиптен өтүүгө мажбурбуз. Демек, бул тармак бизде өнүкпөй жатат. Бул демилгени көтөрсөк, башка партиялар бизди колдойт деп ойлойм.
- Ар бир адамдын өзүнүн принциптери бар. Айрымдары мамлекеттик кызматка, башкалары ишкерчиликке барышса, кээ бирлери популизм менен алектенишет. Мага “Кыргызстан” партиясы жакты, анткени бул жерде ишкерлик тармакта ийгилик жараткан жаратман адамдар көп. Бул партия философиясы жагынан мага жакын.