Жыл башынан бери Кыргызстан арзан бензиндин дүйнөлүк рейтингинде 13 позицияга түшүп, 11-орундан 24-орунга түштү. Бул тууралуу Petrol Price билдирди.
Маалыматка ылайык, эң арзан бензин Венесуэлада (0,02 доллар), ал эми эң кымбаты Гонконгдо (2,505 доллар) катталды.
Кыргызстанда 8-марттан 14-июнга чейин бензиндин орточо баасы 49,86 сом, минималдуусу 44,90 сом.
Салыштыруу үчүн, ушул мезгилде дүйнөдө бензиндин орточо баасы 130,72 сомду түзгөндүгүн кошумчалайбыз.