Кыргызстан эл аралык соодадан 20,5 млрд сом салык алууну пландоодо

04.01.2023, 17:05 Акчабар
Кыргызстан эл аралык соодадан 20,5 млрд сом салык алууну пландоодо

Быйыл 2023-жылы эл аралык соодага жана операцияларга салыктын болжолдонгон көлөмү 20 миллиард 490 миллион сом деп болжолдонууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Кийинки жылдарда бул көрсөткүч өсө берери белгиленүүдө. Маалыматка ылайык, 2024-жылы эл аралык соодадан түшкөн салык 24 миллиард 968,8 миллион сомду, 2025-жылы 29 миллиард 485,1 миллион сомду түзөт. Ошентип, 2023-2025-жылдарга ИДӨнүн көлөмүндө эл аралык соодага жана операцияларга салыктардын үлүшү ИДӨгө карата болжол менен 2,2%-2,6% түзөт.

“Эл аралык соодадан түшкөн салыктын 90%дан ашыгы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген импорттук бажы алымдарынан түшөт”, - деп айтылат мекеменин маалыматында. 

Ошол эле учурда, бул төлөмдүн болжолдуу көлөмү 2023-жылы 18 миллиард 767 миллион сом, 2024-жылы 23 миллиард 121 миллион сом жана 2025-жылы 27 миллиард 508,2 миллион сом деп болжолдонууда.

 

Тэги: новости Кыргызстана налоги деньги бюджет международная торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу