Исфана шаарын суу менен камсыздоо үчүн КР 5 млн € насыя алат

18.12.2019, 15:36 Акчабар
Исфана шаарын суу менен камсыздоо үчүн КР 5 млн € насыя алат

Кыргызстан  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан Баткен облусундагы Исфана шаарын суу менен камсыздоо үчүн 5 млн € алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайты маалымдайт. 

5 млн евро насыя түрүндө 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилет. Насыя алынган соң, сууну 3 жылдын ичинде чыгаруу керек. Каражаттын 1,6 млн евросу жеңилдетилген насыя жана 3,4 млн евросу грант болуп саналат.

Буга чейин,  2013-жылы Кара-Балта шаары боюнча ушундай эле гранттык келишимди ратификацияланып, эл аралык каржы уюму Каржы министрлигине аны өз мөөнөтүндө өздөштүрө албаганы үчүн 52 миң евро айыптык төлөм салганы белгилүү. Алынган насыя каражаттарынын жумшалуусуна да, жасалган иштин сапатына да өзгөчө көңүл буруу зарыл, анткени аны кийин үстөгү менен кайтарып берүүгө туура келет.

Таза суу департаментинин өкүлү таза суу тутуму курулгандан кийин, жабдууларды күтүү жоопкерчилиги айыл өкмөттөрүнө жүктөлөрүн, ал эми суу курулмаларын курууга чыгымдалган насыя каражат акталганга чейин суунун баасы айылдык кеңеш тарабынан белгиленерин билдирди. Насыя каражат акталгандан кийин суунун баасы арзандашы мүмкүн. Аны дагы жергиликтүү кеңеш чечет. Суу курулмаларын күтүү, кайтаруу, оңдоо, жабдууларды алмаштыруу үчүн кошумча каражат талап кылынары бышык.

Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен 33 900 адамдын таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу тармагынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

 

 

Тэги: водоснабжение Исфана Жогорку Кенеш КР законопроект

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу