Кыргызстан Кувейт менен биргеликте ишкана жана логистикалык борбор ачууну көздөйт. Бул тууралуу кыргыз - кувейт биргелешкен өкмөттөр аралык экономикалык жана техникалык кызматташуудагы жыйында билинди.
Эки өлкөнүн өкүлдөрү экономикалык кызматташтыкта бир катар иш-чараларды иштеп чыгууну сүйлөшүштү жана соода, айыл-чарба, энергетика тармагындагы талкууларды жүргүзүштү.
“Биздин өкмөттүн көңүлүн, бүгүнкү жыйындагы жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү ишке ашырууга буруп кетким келет. Себеби, көптөгөн социалдык-экономикалык суроолор тез аранын ичинде чечилишине мүмкүнчүлүк түзүлөт” – деп билдирди министр Бактыгүл Жеенбаева.