Германиялык компания Кыргызстандан товарларды логистикалык борборлор аркылуу сатып алууга даяр

26.10.2022, 15:50 Акчабар
Германиялык компания Кыргызстандан товарларды логистикалык борборлор аркылуу сатып алууга даяр

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 24-октябрда меймандостук, коомдук тамактануу жана чекене бизнес үчүн тамак-аш азыктарынын кеңири ассортиментин сатууга адистешкен Германиянын Doppelpack Handels GmbH компаниясынын башкы менеджери Эднан Ыйлар менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Өмүрбек Текебаев германиялык ишкер менен Кыргызстандын преференциялардын жалпыланган системасы (ВСП+) макамын эске алуу менен Германияга Кыргызстандын азык-түлүктөрүн, кургатылган мөмө-жемиштерин, консерваларын, төө буурчактарын ташып келүү, ошондой эле аларды Европа биримдигинин стандарттарына ылайык сертификациялоо маселелерин талкуулады.

“Ишкер Эднан Ыйлар логистикалык борборлор жана гипермаркеттер аркылуу Кыргызстандын товарларын Германияга алып келүү маселеси боюнча кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууга кызыктар экенин билдирди”, - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Тараптар кыргызстандык товарлардын Германия жана Евробиримдиктин базарларына чыгышына шарт түзүү максатында кызматташууну улантууга макулдашышты.

Тэги: новости Кыргызстана глава МИД КР ВСП+ Германия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу