Кыргызстандын ички карызы көбөйүүдө

30.05.2023, 13:20 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы көбөйүүдө

Кыргызстандын казына векселдерине жана облигацияларына жайгаштырылган ички карызы 29-майга карата 95 миллиард 323 миллион 569,3 миң сомду түздү. Мындай маалыматтарды республиканын Улуттук банкы келтирди.

28-майга салыштырмалуу өлкөнүн ички карызы 40 миллион сомго көбөйгөн. Карыздын өсүшү Каржы министрлигинин 3 жылдык облигацияларды жайгаштыруусунан улам болгон.

Белгилеп кетсек, 3 жылдык казыналык баалуу кагаздардын аукциону 26-майда өткөн, бирок анын суммасы жөнгө салуучу органдын статистикасында бүгүн гана чагылдырылган.

Министрлик тарабынан жарыяланган 3 жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик облигациялардын суммасы 850 миллион сомду түзсө, суроо-талап бир топ аз болгон. Натыйжада Каржы министрлиги 40 миллион сомдук облигацияларды жылдык 16% менен жайгаштырып болгон суроо-талапты толугу менен канааттандырды.

Тэги: новости Кыргызстана внутренний долг деньги бюджет казна

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу