КР Европа Бирлигинен Баткен облусуна инвестиция салууну өтүнүүдө

03.06.2021, 13:45 Акчабар
КР Европа Бирлигинен Баткен облусуна инвестиция салууну өтүнүүдө

Кыргызстан Европа Биримдигинин өлкөлөрүн Баткен аймагындагы долбоорлорго инвестиция салууга чакырат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Европа Бирлигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү, элчи Петер Буриан менен жолугушуу учурунда билдирди.

Айбек Жунушалиев белгилегендей, Европа Бирлиги менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө өлкөнүн тышкы саясатынын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

"Биз Европа Бирлигине биздин өлкөгө пандемия учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн, ошондой эле жакында Брюсселдин Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасында болгон окуяларга байланыштуу Кыргызстанга жардам көрсөтүү жөнүндө чечими үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү күндө салык жана инвестициялык жеңилдиктерди берүү пландаштырылып жаткан Баткен облусуна өзгөчө статус берүү боюнча иштер жүрүп жатат", - деди ал.

Мындан тышкары, Айбек Жунушалиев Европа Бирлиги - Борбор Азия экономикалык биринчи форумун Бишкекте өткөрүү демилгесине токтолуп, форумдун алкагында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө жетишилген келишимдер боюнча, ал форумдун катчылыгын Бишкекте түзүүнү сунуш кылды.

Европа Бирлигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү, элчи Петер Буриан өз кезегинде өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча, анын ичинде жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө көмөктөшүү боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди. Ал вакцинациянын пандемиядан арылтуудагы маанилүү ролун жана Европа Бирлиги COVAX демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи.

Тэги: Евросоюз инвестиции Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу