Кыргызстандын тышкы карызы ЕАЭБдеги бекитилген босого ченден 14.7% жогорулап кеткен

24.03.2021, 14:00 Акчабар
Кыргызстандын тышкы карызы ЕАЭБдеги бекитилген босого ченден 14.7% жогорулап кеткен

COVID-19пандемиясынан улам Евразия экономикалык бирикмедеги өлкөлөрдүн бюджетинин чыгашасы менен тышкы карызынын көлөмү ЕАЭБ боюнча бекитилген келишимдеги босого ченден дагы жогорулап кеткен. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында маалымдалат.

 

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, 2020-жылы Евразия экономикалык бирикмедеги Белорусиядан сырткаркы өлкөлөрдө, экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу, макроэкономикалык көрөткүчтөрдүн көлөмү белгиленген чектен дагы жогорулап кеткен.

Армениянын консолидацияланган бюджети 2.1%, Казакстандыкы — 3.7% жана Россияныкы — 0.4% жогорулаган. Армениянын мамлекеттик башкаруу секторунун карызы — 10.4% жана Кыргызстандыкы — 14.7% жогорулаган.  Андан сырткары, Кыргызстан инфляциянын чегинен ашып кеткен.

 

«Пандемияга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджеттик жана карыздык көрсөткүчтөрү жакшыра баштаган. Мисалы, Армениянын бюджеттик дефицити 2019-жылдын жыйынтыгына ылайык, союзга киргенден кийин минималдуу көрсөткүчкө жеткен, ал эми өлкөнүн карызы босого көрсөткүчүнөн дагы төмөндөп кеткен (ИДПнын 50%). Белорусия, Кыргызстан жана Орусиянын бюджети профицит менен аткарылган, ал эми Казакстандын бюджети дефицит менен толукталып, нөлдүк көрсөткүчкө жакындаган‎», — деп жазылат ЕЭКтин макроэкономикалык саясатчыларынын аналитикалык материалдарында.

 

Белгиленгендей, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн фискалдуу көрсөткүчтөрү 2020-жылы бир нече факторлор менен байланыштуу болгон. Биринчиден, пандемия шартына ылайык бизнеске коюлган айрым чектөөлөр, салык төгүмдөрдүн азайышына алып келген. Казакстан жана Орусияда бюджет кирешесинин төмөндөшү, мунайга болгон дүйнөлүк баанын түшүп кеткендиги менен байланыштуу. Дүйнөлүк экономикалык активдүүлүктүн кыскарышы мунайга болгон талапты төмөндөткөн. Экинчиден, калкты жана ишкерликти каржы жагынан колдоонун ири масштабдуу чараларын жайылтуу бюджеттин чыгашаларынын пландан тышкаркы көбөйүшүнө алып келди. Улуттук валютанын төмөндөшүнө бюджет дефицитинин жогорулашы жана карыздык милдеттенмелердин өсүшү дагы себеп болгон.

Тэги: ЕЭК Кыргызстан Белорусия экономика ИДП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу