Кыргызстандын ЕЭБге мүчө болгон үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү, январь-июль айларында 1 млрд 795 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирди.
Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу төмөндөө 24.3% түзгөн.
Тышкы сооданын төмөндөшү, импорттун дароо 41.8% төмөндөөсү (945.2 млн долларга) менен байланыштуу болгон. Ошол эле учурда өлкө экспорттун көлөмүн 14% (849.8 млн долларга) көтөргөн.