Казакстандын чек араларынын жабылышынан алып-сатарлык болсо, Кыргызстан товарлардын баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизет

07.01.2022, 16:31 Акчабар
Казакстандын чек араларынын жабылышынан алып-сатарлык болсо, Кыргызстан товарлардын баасын мамлекеттик жөнгө  салууну киргизет

Бүгүн, 7-январда Экономика жана коммерция министрлигини Данияр Амангелдиевдин  төрөгалыгынын алдында министрликте бизнес-коомчлуктуктун жана мамлекеттик органдардын өкулдөрүнүн катышуусунда ички рыноктун керектөөсүн товарлар менен камсыздоо маселеси талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кампаларда ички рыноктун керектөөсүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү негизги азык-түлүк (ун, кант, өсүмдүк майы ж.б.) жана күйүүчү-майлоочу майдын эки айга жете турган кору бар экенин белгилешти.

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө Казакстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларды автомобиль жана темир жол аркылуу транзиттик жеткирүүлөр кечиктирилген жок.

Ошол эле учурда “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” өткөрүү пункттары толук кандуу иштеп жатат. “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда байланыш түйүндөрүндөгү техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулду, аларды жакынкы аралыкта жоюу күтүлүүдө.

Аны менен бирге, эң зарыл товарлардын баасынын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө үчүн министр бизнесмендер тарабынан социалдык багыттагы баа саясатын сактоо зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине базардагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Баалардын анормалдуу кескин өсүшү болгон учурда Экономика жана соода министрлиги социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу демилгесин көтөрөт.

Тэги: Кыргызстан госрегулирование цен Казахстан госграница

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу