Быйыл күз-кыш мезгилине даярдануу иш-чараларына 7 млрд сом каралды

13.03.2024, 15:38 Акчабар
Быйыл күз-кыш мезгилине даярдануу иш-чараларына 7 млрд сом каралды

2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 7 млрд сом өлчөмүндө каражат каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-февралга карата төмөнкү иш-чараларга 1,7 млрд сом каржыланган. 

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого “Мамлекеттик ишканаларды субсидиялоо” беренеси боюнча 1,7 млрд сом каралган. Анын ичинен “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынан келип түшкөн арыздардын негизинде быйылкы жылдын январь-февраль айларында 750 млн сом суммасында каражат каржыланды. 

Бийик тоолордо, барууга кыйын жана алыскы аймактарда жашаган калкка электр энергиясына болгон 50 пайыздык жеңилдиктин ордун толтуруу үчүн 184 млн сом каралып, январь-февраль айларына 62,3 млн сом бөлүнгөн. 

Республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 430,3 млн сом каралса, анын 2,6 млн сому январь-февраль айларына бөлүнгөн.

Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдарга коммуналдык кызматтарга байланышкан чыгымдарга 3,5 млн сом бөлүндү.

29-февралга карата иш жүзүндөгү чыгаша 568,8 млн сомду түзсө, анын ичинен электр энергиясы үчүн төлөмдөргө 462,2 млн сом, жылуулук энергияга – 95,8 млн сом, жаратылыш газына төлөмдөргө – 10,7 млн ​​сомду түзгөн. 

2024-жылга республикалык бюджетте жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелер тарабынан керектелген электр энергиясынын чыгымдарын жабуу үчүн зарыл болгон 1,2 млрд сом каралган. Январь-февраль айларында Каржы министрлиги тарабынан 296,6 млн сом каржыланган.

Тэги: новости экономика Кыргызстана ОЗП Минфин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу