ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соодасынын көлөмү 622.8 млрд долларды түзгөн

22.03.2021, 12:50 Акчабар
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соодасынын көлөмү 622.8 млрд долларды түзгөн

Өткөн жылдын январь-декабрь айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соодасынын көлөмү 622.8 млрд долларды түзгөн. 2019-жылга салыштырмалуу көлөм 15.4% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

 

Отчеттук мезгил убагында ЕАЭБдеги жалпы сооданын ичинен Россиянын үлүшү 83.2% (518.4 млрд долларды), Казакстандыкы - 10.5% (65.3 млрд доллар), Белорусия - 5% (31.1 млрд доллар), Армения - 0.8% (4.7 млрд долларды) жана Кыргызстандыкы - 0.5% (3.2 млрд долларды) түзгөн. 

Маалыматка ылайык, экспорттун көлөмү 364.4 млрд долларды, импорт - 258.4 млрд долларды түзгөн. Тышкы соодадагы профициттин көлөмү 106 млрд долларга жеткен. Өткөн жылы бул көрсөткүч 1858 млрд долларга жеткен. 

 

 

Тэги: Кыргызстан ЕАЭС внешняя торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу