Креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол коюлду

21.04.2022, 12:30 Акчабар
Креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол коюлду

Садыр Жапаров “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Белгиленгендей, БУУнун Башкы Ассамблеясы 21-апрелди Дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик (креативдүү экономика) күнү деп жарыялады. Мындан тышкары, 2021-жыл БУУ тарабынан туруктуу өнүгүү максатында Креативдүү экономиканын эл аралык жылы деп жарыяланган. Буга байланыштуу Жарлык өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.

Соңку жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана калктын кирешесинин өсүүсүнө жана иш менен камсыз болуусуна, экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү, ошондой эле  элдин тарыхый-маданий каада-салттарын сактоо менен калктын көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн монетизациялоого мүмкүндүк берүүчү экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары  креативдүү экономика бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда активдүү өнүгүүдө, - деп айтылат маалыматта.

Адамдын креативдүү (чыгармачыл) жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана жогорулатуу, экономикадагы инновациялык процесстерди өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жумуш орундарын түзүү, экономиканы диверсификациялоо, экспорттук түшүүлөрдүн көлөмүн, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алдыңкы иштеп чыгуулар үчүн аянтча түзүү максатында, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 

  1. Креативдүү экономика Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп аныкталсын жана келечектеги экономиканын жаңы тармагы катары креативдүү индустриялар секторун илгерилетүүгө мүмкүндүк берген, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон өлкөнүн экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүү үчүн негиз түзүлсүн.
  2. Министрлер кабинети белгиленген тартипте:

– Кыргызстандын креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитсин;

         – креативдүү индустриялар классификациясын аныктасын;

         – креативдүү индустриялар паркын түзсүн;

– 2022-жылдын 1-октябрына чейин креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле Креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттердин иштөөсүнө, Креативдүү индустриялар паркынын режимин түзүүнүн негизги принциптерин аныктоого багытталган ченемдик укуктук актылардын топтомун иштеп чыксын, анын ичинде Жогорку Кеңеш кароосуна “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизсин.

Тэги: креативдүү экономика жарлык концепция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу