Кыргызстанга БАЭден ири компаниялар келет

07.02.2023, 11:29 Акчабар
Кыргызстанга БАЭден ири компаниялар келет

Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн алдыңкы тобу Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын максаты биргелешкен кызматташуунун мындан аркы пландарын аныктоо, атап айтканда биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү менен байланыштарды түзүү болуп саналат.

Буга байланыштуу 20-мартта БАЭден келе турган 20дан ашык ишкер менен бизнес жолугушуулар өткөрүлөт.

Бириккен Араб Эмираттарынын бизнес-делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынан азык-түлүк товарларын импорттоого кызыктар ири дистрибьютордук компаниялар, логистика, ошондой эле өнөр жай, анын ичинде медицина тармагындагы компаниялар кирери белгиленди. 

Тэги: экономика бизнес встреча новости Кыргызстана Агентство по инвестициям

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу