Бишкектен сасык тумоого каршы акысыз вакцинаны кимдер ала алат?

18.09.2020, 12:20 Акчабар
Бишкектен сасык тумоого каршы акысыз вакцинаны кимдер ала алат?

Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору россиялык өндүрүштөгү сасык тумоого каршы «Гриппол плюс» вакцинасын алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Курч респиратордук вирустук ооруларга каршы вакцинациялоо жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез медициналык жардам, реанимациялык бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө иштеген медкызматкерлерге жана ҮМБнын дарыгерлерине, балдар үйүндөгү, интернаттагы балдарга жана кызматкерлерге, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн кызматкерлерине, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор өнөкөт оорулары бар, кант диабети, ашыкча салмагы бар адамдарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогору адамдарга акысыз жасалат.

Эмдөөнү алыш үчүн каттоодо турган үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылууга болот.

Андан сырткары, вакцинациялоо акы төлөө менен жеке медициналык клиникаларда жүргүзүлөт: «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Элкрит», «Кроха», «Поликлиника 312», ЦАДМИР, «Интермедикал».

 

 

Тэги: вакцина грипп Госсанэпиднадзор Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу