Кыргызстанда эң көп айлыкты кимдер алат?

08.11.2022, 12:59 Акчабар
Кыргызстанда эң көп айлыкты кимдер алат?

Кыргызстанда каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу менен алектенген кызматкерлер эң көп киреше табат.Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.  

Маалыматка ылайык, бул тармакта иштегендердин орточо эмгек акысы 49 миң 869 сом деңгээлинде белгиленди. Айта кетсек, былтыр декабрь айында 58 миң сомдон ашык акча маяна алышкан.

Ал эми, эң төмөнкү орточо эмгек акыны айыл, токой жана балык чарбасында иштеген кызматкерлер алышат. Алардын айлык акысы 13 миң 99 сомду түзөт.

Эске салсак, HeadHunter жумуш жарыялоо сайтынын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жогорку акы төлөнүүчү кесиптер риэлторлор, аналитиктер жана брокерлер болуп саналат. Алардын орточо айлыгы 70 миң сомду түзөт.

Тэги: экономика заработная плата новости Кыргызстана Нацстатком КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу