Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү аракеттерине катуу чара көрүлөт

11.01.2023, 15:58 Акчабар
Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү аракеттерине катуу чара көрүлөт

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын мэриясында президент Садыр Жапаровдун “Оюн-зоок оюндарын уюштуруу жана өткөрүүдөгү мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында борбордун акиминин орун басарларына, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына Бишкек шаарынын аймагында кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүүдөгү мыйзамсыз аракеттерди алдын алуу, аларга бөгөт коюу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле, калк арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу жана өткөрүү фактылары боюнча жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп берүү тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгына окуучулар арасында да  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу