«Кумтөргө» Нарын облусун өнүктүрүүгө инвестиция салуу сунушталды

24.05.2022, 11:50 Акчабар
«Кумтөргө» Нарын облусун өнүктүрүүгө инвестиция салуу сунушталды

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомуна ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталсын. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Белгиленгендей, буга чейин президент Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушууда Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жылдык дүң пайдасынын 0,6%ы бөлүнүп турарын билдирген.

Тэги: Кумтор Голд Компани Акылбек Жапаров Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу