Кумтөр канадалыктар кеткенден кийин 18 млн долларга аз киреше тапты

18.07.2023, 11:11 Акчабар
Кумтөр канадалыктар кеткенден кийин 18 млн долларга аз киреше тапты

"Кумтөр Голд Компанинин" 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешеси 371 миллион 721 миң долларды түздү. Мындай маалыматтар компаниянын финансылык отчетунда көрсөтүлгөн.

2022-жылдын апрелинен тарта Кумтөр алтын кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөн. Ага чейин 2021-жылдын май айында кенге убактылуу тышкы башкаруу киргизилген. Андан соң Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде Канадада көптөн бери иштеп келген кен адиси Тенгиз Бөлтүрүк башкаруучу болуп дайындалды.

Кен боюнча талаш-тартыштар компаниянын ишине таасирин тийгизген. Алсак, 2021-жылы киреше 233 миллион 159 миң долларды түзгөн. 2020-жылга карата кыскаруу дароо 156,3 миллион доллар болгон. 2022-жылдын аягында тараптар тынчтык келишимине келишкен: Кыргызстан "Центеррадагы" акциялардын ордуна кенди толук башкарууга жана компанияга карата бардык дооматтарды алып салууга жетишип, абал бир калыпка түшкөн. 2021-жылга карата киреше кыйла өстү, бирок дагы эле канадалыктар кенде иштеген 2020-жылга караганда 17 миллион 773 миң долларга аз болуп чыкты.

Кирешенин төмөндөшү бир нече себептерге байланыштуу болушу мүмкүн. Биринчиден, тынчтык келишими апрель айында гана кабыл алынган, башкача айтканда, биринчи кварталда компания сот процесстеринин басымы астында ишин уланткан, экинчиден, дүң киреше 20,9 миллион долларга азайган, салык төлөмдөрү 8,4 миллион долларга көбөйгөн.

Мындан тышкары, "Кумтөр Голд Компани" 2020-жылга карата фабриканын кайра иштетүүгө кеткен чыгымы 12,96 долларга же 18%га көбөйгөнүн билдирди.

Тэги: новости Кыргызстана Кумтор прибыль золото

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу