Кумтөр жылдын биринчи кварталында алтын өндүрүүнү 21,1%га көбөйттү

02.06.2023, 13:48 Акчабар
Кумтөр жылдын биринчи кварталында алтын өндүрүүнү 21,1%га көбөйттү

Кумтөр кенинде алтын өндүрүү 2023-жылдын биринчи чейрегинде ишенимдүү өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 80 миң 511 унций же 2,5 миң килограмм казылган.

2022-жылдын 66 миң 474 унций же 2,1 миң килограмм алтын казылып алынган тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүш 21,1%ды көрсөттү.

Өндүрүштүн олуттуу өсүшүн биринчи кезекте комбинатта иштетилүүчү рудадагы алтындын өзгөчө жогорку курамы менен түшүндүрүүгө болот.

2023-жылдын биринчи кварталында комбинатка берилген рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 2,34 граммды түзгөн. Салыштыруу үчүн, 2022-жылдын ушул мезгилинде алтындын орточо курамы тоннасына 2,27 граммды түзгөн.

Тэги: новости Кыргызстана Кумтор золото первый квартал итоги работы экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу