«Кумтөр» кен байлыктарын өнүктүрүүгө 2023-жылы 5,6 эсе аз сарптайт

04.01.2023, 15:42 Акчабар
«Кумтөр» кен байлыктарын өнүктүрүүгө 2023-жылы 5,6 эсе аз сарптайт

Быйылкы республикалык бюджеттин долбоорунда 2023-жылы “Кумтөрдүн” дүң кирешесине салыктын көлөмү 12 миллиард 420,4 миллион сом деп болжолдонууда. 

Ал “Кумтөр” келишиминде аныкталган дүң кирешенин 13% өлчөмүндө болжолдонгон кен өндүрүшүнүн негизинде эсептелет.

“Тиешелүүлүгүнө жараша 2024 -жылы 13 млрд 881,7 млн ​​жана 2025-жылдары 14 млрд 622,4 млн сом”, - деп айтылат документте.

Ошондой эле, документке ылайык, 2023-2025-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүндө “Кумтөр” кенинин дүң кирешесинин 4%ы Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү үчүн каралган.

“Бул жылдык сумманын түшүүсү 2023-2025-жылдарга тиешелүүлүгүнө жараша 3 млрд 227 млн, 3 млрд 821 млн жана 4 млрд 271 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда”, - дешет бюджеттин долбоорунун авторлору.

Белгилей кетсек, 2022-жылы бюджетке минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү үчүн “Кумтөрдөн” жылдык сумма түрүндө 18,3 млрд сом түшкөн.

 

Тэги: Кумтор новости Кыргызстана налоги бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу