«Кумтор Голд Компани» («Кумтөр») компаниясы Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 78,468,300 сом (КРУБ 01.09.20-ж. расмий курсу боюнча 1 миллион АКШ долларынын эквиваленти) которду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Бул каражатка медициналык жабдыктар сатылып алынат.
«Кумтор Голд Компани» президенти Деон Баденхорст: «Кумтөр» компаниясы тарабынан бөлүнгөн 1 миллион АКШ доллары COVID-19 менен күрөшүүдө биздин ишкананын татыктуу салымы эле эмес, өлкөдөгү саламаттык сактоо системасын жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенебиз» – деп белгиледи.
Өлкөгө карантиндик режим киргизилген күндөн тарта «Кумтөр» жардамдарды туруктуу көрсөтүп келет. Атап айтканда, 2020-жылдын мартында «Кумтөр Голд Компании» 100 000 АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам көрсөткөн, ал Ысык-Көл облусунун аймагындагы коронавирустук инфекциянын (COVID-19) алдын алууга жана андан ары жайылтпоого багытталган иш-чараларга тартылган облустун тиешелүү структураларын жана калкын керектүү медициналык каражаттар менен камсыздоого сарпталган.