«Кумтөр» Жети-Өгүз районуна тамчылатып сугарууну өнүктүрүүгө 2,6 млн сом бөлдү

05.02.2024, 12:19 Акчабар
«Кумтөр» Жети-Өгүз районуна тамчылатып сугарууну өнүктүрүүгө 2,6 млн сом бөлдү

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында жергиликтүү коомчулуктун экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууда финансылык жардам көрсөтүүнү улантууда. 

Алсак, “Кумтөр Голд Компани” Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагына 2,6 млн сом өлчөмүндө каржылык жардам көрсөттү. 

Көрсөтүлгөн каржылык каражаттар “Кызыл-Суу агро өнөр жай комплекси”  муниципалдык ишканасына караштуу 30 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотууга багытталган.  

Бул долбоорду ишке ашыруу кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет жана жергиликтүү товардык өндүрүштүн мындан аркы өнүгүшүнө шарт түзөт.

Тэги: экономика водные ресурсы капельное орошение Кумтор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу