Кумтөр иши боюнча камактагы Данияр Нарымбаев бошотулганы кабарланды

27.01.2022, 19:10 Акчабар
Кумтөр иши боюнча камактагы Данияр Нарымбаев бошотулганы кабарланды

Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Маалым болгондой, Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы аткаминерди сыртка чыкпоо тил каты менен камактан бошотту.

Эске салсак, Данияр Нарымбаев Кумтөр иши боюнча 2021-жылдын июнь айында кармалган. Ал коррупцияга аралашкан деп айыпталган.

Ал 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү, 2012-2015-жылдары президенттик аппаратты жетектеген.

Тэги: Кумтөр Нарымбаев сот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу