28-сентябрда коммерциялык банктар валюта аукциондорунда 16 миллион 470 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкы маалымдады.
Анын ичинен 7.12 миллион доллары келишим түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, дагы 9 миллион 350 миң доллары келишим түзүлгөн күндөн башка күнгө эсептешүү менен сатылып алынган.
Соода-сатык АКШ долларынын курсу менен ачылды – 80.2 сом, күндүн акырына карата америкалык валюта 80,35ке чейин көтөрүлдү.
Кошумчаласак, Улуттук банк 24-июндан бери валюта рыногуна чыга элек.