Коммерциялык банктарда доллардын курсу 79.5 сомго жетти

23.09.2020, 17:05 Акчабар
Коммерциялык банктарда доллардын курсу 79.5 сомго жетти

Кыргызстандын коммерциялык банктарында доллардын курсу 79.5 сом, ал эми евро 93.4-93.7 сомду түзүүдө. Улуттук банк берген маалыматтарга ылайык, өз кезегиндедоллардын курсу 0.11% жогорулап, 79.4 сомго жеткен. Евронун курсу 0.22% төмөндөп, 92.9 сомду түзгөн. 

 

 

 

Андан сырткары, доллардын рублга карата баасы дагы өскөн. Россия Федерациясынын маалыматына ылайык, америка валютасынын наркы 76.4 рубль, евронуку - 89.3 рублду түзүүдө. Москва биржасында доллар 76.5 рублдан, евро - 89.6 рублдан сатылууда. 

Эске сала кетсек, 2016-жылдын февраль айынан алгачкы жолу евронун курсу 90 рублдан ашкан, ал эми доллардыкы - 76 рублдан дагы жогору болгон. «Интерфакс» порталы белгилекгендей, бул антироссиялык санкция жана мунай баасынын төмөндөшү менен байланыштуу болгон. 

 

 

Тэги: курсы валют доллар сом валюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу