Ушул жылдын 2-3-мартында "Novotel" мейманканасында Курулуш, өнүктүрүү жана мүлктү башкаруу боюнча эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу JIA Бизнес Ассоциациясы билдирди.
Аталган иш-чараны Борбордук Азиядагы FIABCI Дүйнөлүк кыймылсыз мүлк федерациясы жана JIA Бизнес Ассоциациясы уюштурууда.
“Жолугушуунун негизги максаты - Өзбекстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда жашоонун сапатын жогорулатуу жана бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон коммерциялык жана турак жай кыймылсыз мүлктөрүндө ар кандай ийгиликтүү кейстерди түзүү боюнча тажрыйба алмашуу”, - айтылат маалыматта.
Аталган конференцияда эксперттер инвесторлор менен ижарачылар үчүн жагымдуу инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүнүн негизги өсүү пункттарын талкуулашат.