Кувейт Кыргызстанга инвесторлорду тартууга даяр

08.10.2019, 13:30 Акчабар
Кувейт Кыргызстанга инвесторлорду тартууга даяр

Кувейт Кыргызстанга инвестицияларды тартууга даяр. Бул тууралуу Кувейт Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем  менен президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билинди. 

Жолугушууда мамлекет башчы Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы соода-экономикалык жана маданият-гуманитардык кызматташтыктын өсүп жаткандыгын белгиледи.

Ал «Ас-Сафа», «Ас-Салам» жана  «Ассанабил», кайрымдуулук фондторунун өлкөнүн стратегиялык - инфраструктура багытындагы долбоорлорду ишке ашыруудагы жана Баткен облусундагы жардамга муктаж 106 үй-бүлөгө, Кемин районундагы  100 үй-бүлөгө  салынган турак-жай үчүн  ыраазычылыгын билдирди. 

Президенттин мындай ой-пикирине Кувейт Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу менен мындан аркы кызматташтыкты уланта берээрин билдирди. 

 

Тэги: Кувейт инвестиции взаимное сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу