Кувейт фонду Улуттук госпиталдын Нейрохирургия борборунун курулушун каржылайт. Бул тууралуу КРнын Экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун Фонддун башкы директорунун орун басары Марван Аль-Ган менен жолугушуусу болду.
Фонддун өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук госпиталдын Нейрохирургиялык борборун 20 миллион долларга куруу долбоору талкууланды. Тараптар жакынкы аралыкта долбоорду ишке ашырууну жандандырууну макулдашышты.