Кыргызстанда коррупциялык схема ачыкталды. УКМКнын басма сөзү кабарлагандай, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн салык төлөнбөгөн товарлар КРга киргизилген.
УКМКнын кызматкерлеринин маалыматы боюнча, 2017-2018-жылдар аралыгында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкери О.у.С. жана А.у.Д. аттуу жалган жарандардын атына жалпы суммасы 127 млн сомду түзгөн товарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга импорттоону уюштурган.
Андан сырткары, ЭКККМКнын кызматкеринде Интерполдун эл аралык издөөсүндө жүргөн BMV-X5» үлгүсүндөгү унаасы болгон.
ЭКККМКнын жетекчилиги тарабынан 2018-жылдын ноябрында коррупциялык схемаларга тиешеси бар болгондугу үчүн К.С.А. ээлеген кызматынан бошотулган, ал эми А.у.Д. жана башка жарандарга карата салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча өзүнчө сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.