«Кыргызалтындын» жетекчиси болуп Элмырза Үкүбаев дайындалды. Бул тууралуу «Акчабарга» компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Элмырза Үкүбаев2009-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети алдындагы Тоо-кен жана тоо-кен технологиялары институтун аяктаган. Кесиби боюнча тоо инженери.
Эки ирет Өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн жер казынасын пайдалануу секторунун башчысы болуп дайындалган. Андан сырткары, экономика жана финансыны стратегиялык пландоо бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген.
Белгилей кетүүчү нерсе, 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Кумтөрдүн» маселелери менен алектенет.
Эске сала кетсек, жакынкы күндөрү Алмаз Алимбеков «Кыргызалтындын» төрагалык кызматынан кеткен.