Кыргыз-герман бизнес форумунда 13 документке кол коюлду

09.11.2023, 11:00 Акчабар
Кыргыз-герман бизнес форумунда 13 документке кол коюлду

"Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү" кыргыз-герман бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алар төмөндөгүлөр:

  • Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Германиянын орто бизнес федералдык союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Sitex Group" ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен "Staff-eye Group" ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен "Intertek GmbH" ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • "Дауд АС" жана "Saatenberg GmbH" ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • "K.S. Solutions" жана "Kocks Consult GmbH, Stegemannstraße" ортосундагы ниеттер жөнүндө меморандум;
  • "BT Innovation" жана "Jebsen & Jessen Industrial Solutions Gmb" ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • "IWEX" жана "W.Hass Future GmbH" компаниялары ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жашыл электр станциялары ассоциациясы менен «W.Hass Future GmbH» ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;
  • Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Mark Maschinen & Anlagen GmbH» ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • "Кыргыз Винд систем" ачык акционердик коому менен "W.Hass Future" ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;
  • "Солто Скай Вэй Парк" жана "Josef Wiegand & Co" ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  •  "Солто Скай Вэй Парк" жана "KristallTurm" ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында, кыргыз-герман бизнес-форумуна жана ишкерлер кеңешинин экинчи отурумуна катышты.

Тэги: Германия форум кайра иштетүү өнөр жайы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу