«Кыргыз кашемир» заводу Европага төрт тонна товар эскпорттоду

03.11.2023, 11:35 Акчабар
«Кыргыз кашемир» заводу Европага төрт тонна товар эскпорттоду

Кыргызстандагы "Кыргыз кашемир" заводу Европага төрт тонна кашемир экспорттоду. Бул АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) көмөгү менен ишкерликти өнүктүрүү долбоорунун негизинде ишке ашты. 

Белгилеп кетсек, "Кыргыз кашемир" эчкинин тыбытын, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүгө адистешкен. 

“Быйыл жайында компания Улуу Британияга биринчи жолу товарын ийгиликтүү экспорттогон жана бул жаңы экспорт бизнестин ийгиликтүү экенин бекемдеген. Алардын уникалдуу өндүрүш процессинен улам Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азиядагы негизги экспорттоочу болуп калышты",-деп айтылат маалыматта. 

Жыл башында америкалык ишкер Сай Белохлавек өнөктөштөрү менен бирге "Бишкек эркин экономикалык аймагынын" аянтында эчкинин тыбытын, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү "Кыргыз Кашемир" деп аталган цех ачкан.

Ишкер ЮСАИД аркылуу АКШ өкмөтүнөн жаңы жабдууларды алган. Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүүнү көздөөдө. "Кыргыз Кашемир" заводу тыбытты булага, жипке айлантып, же даяр буюмдарды тигип, чет жакка жөнөтөт. Алардын товары негизинен АКШга жана Европа өлкөлөрүнө кетет. 

Тэги: кыргыз кашемир экспорт завод

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу