Кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашык унаа топтолду

06.04.2022, 16:28 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашык унаа топтолду

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Бул туралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-апрель саат 15:30га карата “Ак-Тилек” бекетинде 200гө жакын жүк ташуучу унаа турат. Ал эми “Чоң-Капка” пунктунда 80 унаа, “Чалдыбар” бекетинде 60 унаа,”Кең-Булуңда” 65 унаа токтоп турат.

“Казак тараптын пунктардан унааларды кое беришинин кечендешинен улам чек арада унаалардын кезеги пайда болууда. Кыргыз-казак чек аранын башка пунктарында унаалардын токтоп турушу байкалган жок”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

Белгилей кетсек, 26-мартта Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолушуна жөл бербөөнү макулдашышкан.

 

Тэги: кыргыз-казак чек арасы чек ара кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу