Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-27-09, 16:57

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматы билдиргендей, 1-октябрдан 3-октябрга чейин “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү бекеттери ишин токтотот. 

Мунун себеби “Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн” майрамдоого байланыштуу. 

Аталган пункттар аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 4-октябрдан тарта жанданат.


Тектеш материалды окуу