Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайлары маал-маалы менен жабылып турат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, мунун себеби кытайлардын “Жаз” майрамы менен байланыштуу.
Маалыматка ылайык, өткөрмө бекеттер төмөнкү күндөрү жабык болот:
- 2022-жылдын 29-30-январь күндөрү;
- 2022-жылдын 01-03-февраль күндөрү;
- 2022-жылдын 05-06-февраль күндөрү убактылуу жабык болот;
“Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайларында 7-февралдан тарта атайын алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга унаа менен жүктөрдү гана алып өтсө болот.