Кыргыз-кытай ишкерлеринин бизнес жолугушуусу өтөт

24.04.2024, 17:45 Акчабар
Кыргыз-кытай ишкерлеринин бизнес жолугушуусу өтөт

26-апрелде Бишкекте “Hayatt” мейманканасында кыргызстандык жана кытайлык (Шэньси) ишкерлердин бизнес-жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жолугушууга Шэньси провинциясындагы эл аралык соодага көмөктөшүү комитетинин төрагасы Цзя Чжэнлан жана Шэньси провинциясынан келген делегация катышат. Иш-чара саат 09:00до башталат. 

Ошондой эле, Соода-өнөр жай палатасы аталган жолугушууга кыргызстандык кызыктар тараптарды чакырат. 

Иш-чаранын максаты - эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташуу үчүн платформа түзүү.

Катталуу үчүн талапкерлер 613873 телефон номерине чалуусу керек. 

Тэги: Кыргыз-кытай бизнес жеке ишкер бизнес жолугушуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу