Кыргыз өкмөтү 100 миң сомго чейин насыя алган 700 миң кишинин үстөк пайызын төлөө үчүн 526.8 млн сом бөлдү. Каражаттар финансы-насыя уюмдарына төлөнүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик колдоонун алкагында өткөн жылдын декабрь айында бюджеттен 286.4 млн сом, 2021-жылдын январь айында 240.4 млн сом бөлүндү. Жалпысынан мамлекет 730 миң 696 насыя алуучуга жардам берди.
Эске салсак, тиешелүү чечим COVID-19 пандемиясына байланыштуу социалдык-экономикалык кыйынчылыкка кабылган, финансы-насыя уюмдарынан каражат алган жарандарга мамлекет тараптан колдоо катары кабыл алынган.
Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын февраль айындагы үстөк пайыздарды субсидиялоо март айында жүргүзүлөт.