Кыргыз өкмөтү Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар насыя алат

22.10.2019, 15:28 Акчабар
Кыргыз өкмөтү Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар насыя алат

Кыргыз өкмөтү Баткен жана Талас облустарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар өлчөмүндө насыя алууга ниеттенип жатат.

Тиешелүү макулдашууну парламенттин профилдик комитети экинчи окууда жактырды.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, аталган фонд насыяны 1 пайыз менен 30 жылдык мөөнөткө берүүгө даяр. Бирок кыргыз тарап долбоордун 10 миллион долларлык бөлүгүн өзү каржылашы керек.

Насыяны калкы 281 миң адамды түзгөн эки облусту таза суу менен камсыз кылууга жумшоо каралууда. Долбоор 4,5 жылда ишке ашырылышы керек.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдагы маалыматына ылайык, өлкөдө жалпысынан 653 айыл таза сууга муктаж болчу. 2017-2018-жылдары 69 айылга суу тартылса, быйыл жыл соңуна чейин дагы 54 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда. 

2024-жылга чейин 530 айылда таза суу маселеси чечилет деп күтүлүүдө.

 

Тэги: Кыргыз өкмөтү насыя Таза суу Сауд өнүктүрүү фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу