Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду канаттуулар фабрикасына 8 млн сом бөлдү

19.12.2023, 13:50 Акчабар
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду канаттуулар фабрикасына 8 млн сом бөлдү

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунда заманбап бройлердик канаттуулар фабрикасын курууга 8 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. 

Аталган фонддон билдиришкендей, долбоорду “Евразия канаттуулар фабрикасы” ЖЧКсы ишке ашырууда. Компания азык-түлүк коопсуздугунун бардык стандарттарына (HAACP жана ISO) ылайык органикалык канаттуулардын этин чыгарат.

Анда алгач 120 жумушчу орун түзүлсө, келечекте алардын санын 500гө жеткирүү пландалууда. 

“Биринчи этапта ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына алты миң тонна продукцияны түзөт, андан кийин  20 миңге чейин көбөйтүлөт. Өзүбүздүн инкубациялык цехибиз, канаттуулар сарайыбыз, тоют цехибиз жана мал союучу жайыбыз болот”, - дейт ишкананын директору Артур Фархутдинов.

Буга чейин фонд “Агро Куш” ЖЧКсынын Ысык-Көлдө дагы бир канаттуулар фабрикасын куруу долбоорун колдогон. Бул эки канаттуулар кластери Кыргызстандын калкынын канаттуулардын этине болгон керектөөсүн 80% канааттандырат.

“Үч-беш жылдын ичинде квалификациялуу кадрларга жана заманбап технологияларга ээ болуу менен биз бул көрсөткүчтү 100%га жеткире алабыз. Ал эми бара-бара бул продукцияларды импорттоочудан экспорттоочуга айланат”, - деди Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков.

Белгиленгендей, бардык мезгилде фонд тарабынан каржыланган 3,4 миң долбоордун 56%ы айыл чарба тармагына туура келет.

 

Тэги: канаттуулар чарбасы кыргыз-орус өкмөттөрү бройлер тоогу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу