КОӨФ 89 млн долларлык долбоорлорду каржылайт

24.02.2023, 11:03 Акчабар
КОӨФ 89 млн долларлык долбоорлорду каржылайт

Финансы министри Алмаз Бакетаев, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков, Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Москвада өткөн кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда 2023-жылга карата долбоорлорду каржылоо маселеси каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын стратегиялык маанилүү эки долбоорду жалпысынан 89 млн долларына каржылоо жактырылды. Насыя берүү жеңилдетилген негизде жүргүзүлөт.
    
Биринчи долбоор Нарын облусунда 100 мегаватт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСин курууну камтыйт. Аны ишке ашырууга КОӨФ 44 млн доллар бөлүп берет. Бул долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты 18%га кыскартууга жардам берет депе күтүлүүдө. 

Кошумчалай кетсек, курулуш мезгилинде 770, объект пайдаланууга берилгенден кийин 97 жумушчу орун түзүлөт.

Экинчи долбоордун алкагында фонд Чүй облусунда жаңы заманбап цемент заводун курууга 45 млн доллар бөлөт. Анын кубаттуулугу жылына 1,5 миллион тонна цементти түзөт. Буга байланыштуу Кыргызстан жылына 47 млн АКШ доллары үнөмдөп, импорттон көз карандысыз болот. Долбоордун алкагында 450 жумушчу орун түзүү каралган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу