Ошто кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 300дөн ашык долбоордун 50% каржылады

02.08.2021, 13:00 Акчабар
Ошто кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 300дөн ашык долбоордун 50% каржылады

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан ушул жылдын алты айында Ош облусунда 312 долбоор жактырылып, анын 50% ишке ашырылды. Ага 24,9 миллион доллар насыя берилди. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, долбоорлор айыл жериндеги чакан жана орто ишкердикти колдоо максатында ишке ашырылган. Каражат негизинен айыл чарба, мал чарбачылыгы, мөмө жемишти кургатып кайра иштетүү, күнөөсканаларды өнүктүрүү сыяктуу багыттарга жумшалган.

Белгилей кетсек, Ош облусу боюнча кичи жана орто ишканалары чыгарган өнөр-жай продукцияларынын көлөмү ушул жылдын алты айында 1657,9 миллион сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү 281,9 миллион сомго көп болгон.

Тэги: кыргыз-орус өнүктүрүү фонду долбоор насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу