«Кыргыз почтасы» Токтогул районунда заманбап бөлүмүн ачты

08.09.2022, 09:00 Акчабар
«Кыргыз почтасы» Токтогул районунда заманбап бөлүмүн ачты

"Кыргыз почтасы" ААКнын "Оңдоп-түзөө"долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда почта бөлүмү ачылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана "Кыргыз почтасынын" жетекчилиги катышты.

Почтанын жаңы имаратында калк менен иштөө үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Буга чейин “Кыргыз почтасы” ААК тарабынан айтылгандай, “Реновация” долбоорунун алкагында уюм салттуу кыргыз почта бөлүмдөрүн заманбап көп функционалдуу борборлорго айландыруу ниетинде. Мындан тышкары, ички логистикалык кызматты активдүү өнүктүрүү жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү пландаштырылууда.

Тэги: Кыргыз почтасы Джалал-Абадская область отделение связи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу