Кыргыз тарыхын кытай жазма булактарынан изилдөөгө 13 млн сом бөлүндү

27.03.2023, 10:27 Акчабар
Кыргыз тарыхын кытай жазма булактарынан изилдөөгө 13 млн сом бөлүндү

Кытай жазма булактарынан кыргыз тарыхын изилдөөгө жана тиешелүү тарыхый маалыматтарды которууга мамлекет 13 миллион сом бөлдү. Жакынкы арада каражат “Мурас” фондунун эсебине которулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. 

Маалыматка ылайык, 2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери Кытай архивдеринен кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык архивдик материалдар табылгандыгын, ал маалыматтарга ылайык кыргыз эли жазма тарыхый булактарда б.з.ч. 10-кылымдарда эле кездешкендиги, мамлекет кургандыгы, ал тургай чоң мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди жүргүзүп келгендиги тууралуу Кытай тарыхчысы Ю Тайшань өзүнүн эмгектеринде жарыялаганын билдирген.

Ошол табылган маалыматтарды которуу иштери ушул мезгилге чейин тиешелүү каражат табылбагандыгына байланыштуу токтоп турган.

"Мындан улам “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортууну баштоо үчүн тийиштүү каражаттарды таап, жардам берүү өтүнүчүн президент Садыр Жапаровго билдирген", - деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, буга чейин тарыхчы Кыяс Молдокасымов тарыхты изилдөөгө каражат бөлүнбөгөндөн улам, өзүнүн багын сатарын жазган. 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу