Кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз мандарин ташуу фактысы аныкталды

24.01.2023, 10:42 Акчабар
Кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз мандарин ташуу фактысы аныкталды

Баткен облусунун Лейлек районунун чек арачылары унаа текшерүү учурунда 25 куту мандарин табышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Достук айылынын 1994-жылы туулган тургуну мандаринди Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Ал цитрус өсүмдүгүн сатуу үчүн алып келе жаткандыгы аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин товарлар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу