Кыргыз-тажик чек арасынын 1,11 чакырымы макулдашылды

19.02.2024, 09:55 Акчабар
Кыргыз-тажик чек арасынын 1,11 чакырымы макулдашылды

11-февралдан 18-февралга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы боюнча макулдашты.

“Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: чек ара кыргыз-тажик макулдашуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу