Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 38,35 чакырымы такталды

16.01.2024, 12:20 Акчабар
Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 38,35 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 38,35 чакырымы такталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Баткен шаарында өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Тараптар калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти Тажикстандын аймагында боло турган кийинки жолугушууда улантышат.

Тэги: чек ара делимитация демаркация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу