Эл аралык финансылык уюмдар менен 150 жүк вагону жана үч маневрлүү тепловозду сатып алууну каржылоо боюнча координациялык процедуралар аяктап калды, деп билдирди "Кыргыз темир жолунун" басма сөз кызматы.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы мындан тышкары эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуунун алкагында жолдун үстүнкү конструкциясын оңдоп, Боом капчыгайындагы көчкүгө каршы галереяны кеңейтет.