«Кыргыз темир жолу» Соода-өнөр жай палатасына мүчө болду

01.02.2023, 15:19 Акчабар
«Кыргыз темир жолу» Соода-өнөр жай палатасына мүчө болду

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы расмий түрдө Соода-өнөр жай палатасына мүчө болду. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган палата 80ден ашык өлкө менен активдүү кызматташат жана чакан, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнөн турган 1180 ишкер субъектилери мүчө болуп кирген.

"Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлүгүнө кирүү ишкананын имиджин чыңдоого, экономикалык иштин натыйжалуулугун жогорулатууга, ишкананын экономикалык коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга, ички жана эл аралык рыноктордо ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул кызматташтык башка мамлекеттердин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнү күчөтөт, бул өз кезегинде жүк ташуу көлөмүн жана финансылык агымды көбөйтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Тэги: новости Кыргызстана ТПП кыргызтемир жолу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу